Орусиянын президенти Владимир Путин Дональд Трампты АКШдагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.
"Учурдан пайдаланып, аны Америка Кошмо Штаттарынын президенти болуп шайланышы менен куттуктайм!", - деди ал 7-ноябрда Валдай форумунда өткөн басма сөз жыйынында.
Путин орус бийлиги “Америка эли ишенген мамлекет башчысы менен иштешет” деп ишендирди.
Ошондой эле ал Трамп менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбай турганын жана телефон чалууну өзү баштоону уят деп эсептебээрин, бирок Трамп сүйлөшкүсү келеби же жокпу билбей турганын белгиледи.