Дональд Трамп NBC News телеканалына берген маегинде АКШдагы шайлоодо жеңишке жеткенден бери Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшө электигин билдирди.
"Биз сүйлөшөбүз деп ойлойм", - деген ал сүйлөшүүлөрдүн мүмкүн экенин кошумчалады.
Трамп шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан бери дүйнөнүн 70ке жакын лидери, анын ичинде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшкөнүн билдирди.
Трамп 5-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Зеленский биринчилерден болуп аны бул жеңиши менен куттуктады. 7-ноябрда украин лидери Трампка телефон чалып, сүйлөшүүнү “эң сонун” деп атаганын айтты. Зеленский тыгыз диалогду улантууну жана кызматташтыкты өнүктүрүүнү макулдашканын баса белгиледи.
Ошол эле күнү Путин шайлоонун жыйынтыгына биринчи жолу комментарий берип, Валдай клубунун жыйынында Трампты жеңиши менен куттуктады.