Мектептеги мугалим менен эненин чыры: Иш сотко өттү 

Бишкекте мектеп окуучуларынын көзүнчө мугалимди тилдеп, ыйлаганга чейин жеткирген аялдын кылыгы боюнча иш сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 9-ноябрда Ленин райондук милициядан тастыкташты.

Маалымдалгандай, райондук ички иштер бөлүмү аталган окуя боюнча териштирүү жүргүздү.

Ага ылайык, териштирүүнүн жүрүшүндө видеодогу мугалим окуучулардын апасынын бири 9-октябрда мектепке келип, аны балдардын көзүнчө кемсинтип чыр чыгарганын айтып арызданып, чара көрүүнү суранган.

Ленин райондук сотунун маалымат кызматынан мурдараак О.Ага карата Укук бузуулар кодексинин “Мугалимге сыйлабастык менен мамиле кылуу” беренеси боюнча протокол түзүлгөнүн айтышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда бир аял мугалимди урушуп, ыйлатып жаткан видео тараган. Андагы видеодон окуучунун апасы мугалим баласын урушканын айтып, "300 сомумду бер” деп акча алганын көрүүгө болот. Мугалим ыйлап “берген белегине ыраазы экенин, ал эч кимге жаман сөз айтпаганын” билдирген.

Андан соң ал мугалим жумуштан бошонуп кеткени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан