Бүгүн, 6-ноябрда Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарындагы №57 орто мектептин директорунун милдетин аткаруучу Айнура Сыдыкованы кабыл алып, аталган мектептин тарых мугалими менен окуучунун апасы катышкан окуянын чоо-жайын укту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда министр мугалимге карата агрессиялык мамиле адеп-ахлактык нормаларга да сыйбай турганын белгилеп, мугалимдин укуктарын тебелөөгө жол бербөө керектигин айткан.
Ошондой эле Кендирбаева чуулгандуу окуядан кийин жумуштан кеткен тарых мугалими менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын өз жумушуна кайтып келүүсүнө жардам берүүгө даяр экенин кошумчалаган.
Буга чейин министрлик кайсы жерде жана кандай шартта болбосун мугалимге орой мамиле кылууга, анын беделин түшүрүүгө жол берилбеши керектигин белгилеп, ата-энелерди мугалимдерге сый-урмат менен мамиле жасоого чакырган.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда бир аял мугалимди урушуп, ыйлатып жаткан видео тараган. Андагы видеодон окуучунун апасы мугалим баласын урушканын айтып, "300 сомумду бер” деп акча алганын көрүүгө болот. Мугалим ыйлап берген белегине ыраазы экенин, ал эч кимге жаман сөз айтпаганын билдирген.