"Домодедово" менен "Жуковский" аэропорттору Москвага учкучсуз учактардын чабуулунан улам каттамдарды чектеди

"Москванын "Домодедово" жана "Жуковский" аэропорттору каттамдарды кабыл албайт жана жөнөтпөйт" деп билдирди Федералдык аба транспорту агенттигинин өкүлү Артем Кореняко. Чектөөлөр саат 08:03төн баштап киргизилген.

"Аба кемелеринин экипаждары, диспетчерлер жана аэропорттун кызматтары учуунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатышат - бул негизги артыкчылык", - деди Федералдык аба транспорт агенттигинин өкүлү.

Бүгүн, 10-ноябрда эртең менен борбор калаанын мэри Сергей Собянин Раменский районундагы абадан коргонуу күчтөрү Москваны көздөй учкан төрт учкучсуз учакты атып түшүргөнүн билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан