Кечээ, 28-ноябрда Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Висенте Солера Дьюкар социалдык тармактагы баракчасына кыргыз тилинде видео кайрылуу жарыялады. Анда ал элчи катары Кыргызстан менен Улуу Британиянын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча алдыдагы пландары менен бөлүштү.
Элчи 45 секунддук видеодо жасалма интеллект тармагында өнөктөштүк түзүү, сооданы көбөйтүү, кыргыз компанияларын Лондон фондулук биржасына чыгарууга көмөктөшүү жана таза энергетиканы колдоо сыяктуу демилгелерди атады.
Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу, англис тилин жайылтуу, Кыргызстанда британ университетин ачуу, стартаптарды колдоо, сууну үнөмдөөчү Concrete Canvas технологиясын өнүктүрүү жана британ туристтерин Кыргызстанга көбүрөөк тартуу ниетин билдирди.
"Биз көптөн бери доспуз. Бирок эң жакшысы алдыда! Келгиле, чогуу баштайлы", — деп сөзүн жыйынтыктады элчи.
Анын кыргыз тилинде так сүйлөгөнү жана алдыдагы пландары интернет колдонуучуларынын кызыгуусун жаратып, социалдык тармактарда жылуу пикирлер айтылууда.