Кечээ, 28-ноябрда Бишкекте өткөн "Жаратман МУУН-2026" улуттук жаштар форумунун алкагында "KEL Start" инновациялык долбоорлор жана стартаптар сынагынын финалы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Илим министрлиги билдирди.
Сынактын финалдык баскычына акселерациялык программадан ийгиликтүү өткөн 30 катышуучу чыгып, өздөрүнүн инновациялык иштелмелерин жана стартап-долбоорлорун сунушташты.
Долбоорлор ведомстволор аралык комиссия тарабынан бааланып, жыйынтыгында эки номинация боюнча жеңүүчүлөр тандалды. Аларга акчалай сертификаттар тапшырылды.
"Инновациялык долбоорлор" номинациясынын жеңүүчүлөрү:
"Стартап-долбоорлор" номинациясынын жеңүүчүлөрү:
Белгилей кетсек, "KEL Start" сынагын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду уюштурду. Сынак жаш иштеп чыгуучулардын демилгелерин колдоого, инновациялык идеяларын өнүктүрүүгө жана долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүүгө багытталат.