Куандык Бишимбаевдин абактан качканы тууралуу жалган маалымат боюнча иш козголду

Коңшу Казакстандын Ички иштер министрлигинин Жазык аткаруу комитети массалык маалымат каражаттарында чыккан республиканын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевдин абактан качып кеткендиги тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу КазТАГ басылмасы жазды.

"Соттолгон К. Бишимбаевдин качып кеткени тууралуу жалган маалымат тарады. Бул маалымат чындыкка дал келбейт, бул соттолгон адам жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөп жатат", - деп билдирген Казакстандын Жазаларды аткаруу комитети.

Буга чейин Бишимбаев абактан качып кетти деген маалыматты Орусиянын бир катар Telegram каналдары тараткан.

Эске салсак, 13-майда Астана шаарында жубайы Салтанат Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн делген Куандык Бишимбаевдин резонанстуу иши боюнча соттук отурум аяктап, судья мурдагы министрди 24 жылга эркинен ажыраткан.

Бишимбаев Астанадагы СИЗОдон жазасын өтөп жаткан жерге которулган. Ал өндүрүштө жумушка орношсо түрмөдө канча айлык ала алары дагы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан