2014-жылдын 1-январынан тарта тамеки өнүмдөрүнө карата акциздик салык жогорулады. Мындай маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 1000 даанасына, тагыраак айтканда 50 кутуга төлөнүүчү салыктын көлөмү 280 сомду түзөт. Белгилей кетсек, 2013-жылы бул көрсөткүч 120 сомду түзгөн.