Бүгүн, 29-ноябрда "Не сахар" долбоорунун алып баруучусу, блогер Умар Даданов Ысык-Ата районундагы Дружба айылына барып, малдын ичеги-карындары тазаланган жайдан видео жарыялады.
Ал видеодо ичеги-карындар чоң идиштерде жана ванналарда чыланып турганын көрсөтүп, аларды тазалоодо санитардык талаптар сакталбай жатканын айтты.
"Базарлардан ичеги-карындарды сатып аласыңар го. Ошолорду ушундай өтүк менен тепселеп тазалашат. Бул жердин жыты адам чыдагыс", — деп билдирди ал.
Дадановдун айтымында, бул жерде тазаланган ичеги-карындар "Аламүдүн" базарына жана башка базарларга жөнөтүлөт. Ошондой эле ал ичеги-карындарды тазалоодон чыккан акиташ аралаш саркынды суулар жакын жердеги агын сууга кошулуп жатканын көрсөттү.
Белгилей кетсек, аталган жайдагы санитардык абал боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан азырынча расмий маалымат бериле элек.