Улуттук онкология борборунун директору кызматынан бошотулду

Бишкектеги Улуттук онкология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева кызматынан бошотулду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү, 11-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Айтымында, 6-ноябрдагы буйруктун негизинде ал кызматынан бошотулган.

"Азыркы учурда убактылуу милдетин аткарууга орун басары коюлуп жатат", - деди Байдавлетов.

Эске салсак, 11-октябрда Жогорку Кеңештеги “Элдик” депутаттык тобу жана “Альянс” парламенттик фракциясынын биргелешкен жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчисин сынга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан