Кыргызстанда мас абалында унаа айдагандар үчүн жазаны күчөтүү сунушталып жатат. Бул тууралуу коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча парламенттик комитетинин жыйынында ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө айыптын өлчөмү 1500-2000 сомго чейин түзөт же айдоочудан айдоо күбөлүгү алынат.
"Бул күлкү келтирерлик сумма. Биз аны 50 миң сомго чейин көбөйтүүнү же күбөлүгүн 4 жылга алып салууну сунуштап жатабыз. Бирок талкуу учурунда айып 9 миң сомго төмөндөдү. Мыйзам долбоор азыр Жогорку Кеңештин талкуусунда жатат",- деди Талантбек Исаев өз сөзүндө.