Эми "Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн ай сайын акчалай компенсация алышат. Бул тууралуу кечээ, 27-ноябрда Эмгек министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, компенсация берүү механизми Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 27-ноябрындагы №788 токтому менен бекитилди.
Жаңы тартипке ылайык, жеңилдетилген тариф 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн 50 тыйын өлчөмүндө белгиленет. Компенсация колдонуудагы тариф менен жеңилдетилген тарифтин айырмасынын негизинде эсептелет.
Жеңилдетилген керектөө чеги:
2026-жылдын 1-октябрына карата "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун 38 миң 695 үй-бүлө алган. Алардын 36 миң 833ү электр энергиясына болгон жеңилдиктен пайдаланып келет.
"Компенсация санариптик система аркылуу жөлөкпул менен бир убакта эсептелип, төлөнөт. Ошондуктан жарандар аны алуу үчүн өзүнчө арыз берүүгө муктаж эмес", - деп айтылат маалыматта.
Бул чара 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кошумча социалдык колдоо көрсөтүүгө багытталган.