Мамлекет башчы Садыр Жапаров Азербайжандын борбору Баку шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшүнүн алкактык конвенциясына кошулган тараптарынын 29-конференциясында сүйлөп жатып, климаттын өзгөрүшүнө каршы туруу үчүн дүйнө өлкөлөрүн биригүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жапаров климаттык көйгөйлөрдү алдын алууда дүйнө өлкөлөрүн өз ара мамилелерине карабастан биригиши керектигинин айтты.
"Биз климаттын өзгөрүшүнө каршы чараларды каржылоо боюнча жаңы жамааттык максатты тез арада кабыл алууну колдойбуз жана өнүккөн өлкөлөрдү өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге бере турчу жардамды 2 триллион долларга чейин жеткирүүгө жана бул каражаттарды алуу жолдорун жеңилдетүүгө чакырабыз. Кыргызстан климаттык жана туруктуу өнүгүү долбоорлоруна тышкы карызды алмаштыруу механизмин демилгеледи", - деди президент.
Өлкө башчы тышкы карыздарды жашыл долбоорго алмаштырууну чечкен Түркия менен Германияга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал конференцияда Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө басым жасап жатканын белгиледи жана климаттын өзгөрүшү менен суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселеси курчуп баратканын, буга байланыштуу энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү боюнча Регионалдык борборду Бишкек шаарында түзүү демилгесин колдоого алууну өтүндү.