"Мугалимдердин духу түшүп калды". Жанар Акаев мугалимди ыйлаткан аялды сот жообуна тартууну талап кылды

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Бишкектеги мектепте мугалимди тилдеп ыйлаганга чейин жеткирген аялдын 1000 сом айып пул менен кутулуп кеткенине нааразы болду.

Ал аялды коомчулуктун алдында мугалимден кечирим суратуу керектигин айтты.

"Эмне үчүн аны коомчулукка жүзүн көрсөтүп алып чыкпадыңар? Бул өлкөдөгү 120 миң мугалимге жасалган шылдың мамиле болду. Эмне үчүн мугалимге ушундай мамиле кылган жаранды 1000 сом айып пул менен чыгарып жибердиңер? Аны жазага тартып, коомчулукка көрсөтүш керек эле да. Миңдеген мугалимдердин "духу" түшүп калбадыбы. Биз ушундай кылып жатсак, мугалимдер мектепке келеби? Алардын айлыгын гана көтөрүп койбостон, кадыр-баркын дагы көтөрүшүбүз керек. Адатта, күч органдары жөнөкөй эле жарандарды кармап, кечирим сураткан учурлар болуп жатпайбы. Эмне үчүн анан бул ишке мындай мамиле болду", - деди Акаев.

Ошондой деп эл өкүлү мугалим менен байланышканын, ал "болду мектепте иштебейм" деп айтканын билдирди. Акаев мугалимди кайра мектепке кайтарууну, мазактоого алган жаранды башка берене менен сот жообуна тартууну талап кылды.

Эске салсак, социалдык тармактарда бир аял мугалимди урушуп, ыйлатып жаткан видео тараган. Андагы видеодон окуучунун апасы мугалим баласын урушканын айтып, "300 сомумду бер” деп акча алганын көрүүгө болот. Мугалим ыйлап “берген белегине ыраазы экенин, ал эч кимге жаман сөз айтпаганын” билдирген.

Андан соң ал мугалим жумуштан кеткени белгилүү болгон. Көп өтпөй Ленин райондук милициясы окуучунун энесине 1000 сом айып пул салынганын маалымадаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан