Путиндин маалымат катчысы Кыргызстандагы бийликти басып алуу аракети боюнча комментарий берди

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кыргызстандын бийлигинде өлкөдөгү тартипти камсыз кылуу үчүн «бардыгы бар» деп билдирди. Ал мындай билдирүүсүн бийликти күч менен басып алууга шектелген адамдардын тобу кармалгандан кийин айткандыгын “Коммерсантъ” басылмасы жазып чыкты.

Ал белгилегендей, Орусия менен Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн ортосунда «тынымсыз байланыштар» бар, ошондуктан орус тарап маалымат алып турат деп белгилеген.

Белгилей кетсек, ИИМдин ыкчам кызматы массалык башаламандыктарды уюштуруу менен бийликти күч менен басып алууну көздөгөн адамдардын тобун кармап, алардын планы боюнча кенен маалымат берген.

Алардын катарында башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу бар экендиги айтылган. Биринчи май райондук соту аны кийинки жылдын 10-январына чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан