Бишкекте “Социал-Демократтар” партиясынын негизги кеңсесинде шаардык милициянын Тергөө кызматы тарабынан тинтүү болду. Бул туурасында партиянын төрагасы Темирлан Султанбеков Инстаграм баракчасынан түз эфирде билдирген.
Ал ушундай тинтүүлөрдү бардык партиялардын кеңселеринде жүргүзүүнү талап кылган.
Айрым басылмалар, Темирлан Султанбековду суракка алып кеткендигин жазышты.
Ушундай эле тинтүү иштери Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкинанын үйүндө да уланган. Ал Фейсбук баракчасынан түз эфирге чыгып тинтүү болуп жаткандыгын айтып, милиция кызматкерлеринин айрым суроолоруна жооп берген.
Белгилей кетсек, Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы “Социал-демократтар” партиясынын штаб башчысы, экс-депутат Ирина Карамушкинага шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча кылмыш иши козголгонун айтып, анын аудиожазууларын тараткан.