Бүгүн, 13-ноябрда президент
Садыр Жапаровдун Баку шаарында Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына (COP29) катышуусу аяктады. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага дүйнө жүзүнөн 50 миңге жакын адам, анын ичинде 100дөн ашык өлкөнүн лидерлери катышты. 22-ноябрга чейин созула турган COP29дун негизги темалары - парник газдарынын эмиссиясын азайтуу чаралары, климатты каржылоо маселелери, энергетикадагы технологиялык инновациялар, жаш муундарга билим берүү жана жаштардын климаттын өзгөрүшүнө каршы демилгелерин колдоо.
Белгилей кетсек, мамлекет башчысы 12-ноябрда, улуттук билдирүү жасаган. Анда Париж келишиминин максаттарына жетүү үчүн координацияланган жана каржылык жактан колдоого алынган чараларды көрүүгө чакырды.
Ошону менен бирге Мамлекет башчысы 13-ноябрда Кыргызстан тарабынан Азербайжан жана Монголия менен биргеликте уюштурулган тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги диалогго катышып,
сөз сүйлөдү.Ага улай “Кыргызстан: тоолорду туруктуу өнүктүрүү” аттуу улуттук павильонго
барды.Маалыматта белгиленгендей, Баку шаарында иш сапары жыйынтыктаган өлкө башчысы Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтып келди.