АКШнын 47-президенти болуп шайланган Дональд Трамп Ак үйгө Жо Байден менен жолукканы барды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, эки саясатчы бийликти өткөрүп берүү маселеси боюнча жолугушкан.
Байден менен Трамп жолугушууда бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү зарылдыгын макулдашышканы маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, Дональд Трамп менен АКШнын учурдагы президенти Жо Байден буга чейин телефон аркылуу байланышкандыгы айтылган.
Ошондой эле Трамптын инагурациясы качан болору да белгилүү болгон.