Акылбек Жапаров 7 бала төрөгөн энелерге миллион сом берилерин бышыктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тоолуу аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөргө материалдык колдоо көрсөтүү боюнча президенттин жарлыгы даярдалып жатканын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирип, кийинки жылы ишке ашырыларын белгиледи.

"Жетинчи балага бир миллион сом, онунчу балага эки миллион сом берилет. Экинчи окууга чейин төртүнчү, бешинчи, алтынчы, сегизинчи, тогузунчу балдарга канчадан берилерин тактайбыз", - деди өкмөт башчы.

Эске салсак, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев төртүнчү баладан баштап, жүз миң сомдон эки миллион сомго чейин берилерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан