Камчыбек Ташиев Бишкекте партия өкүлдөрүнүн кармалышы боюнча үн катты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү кеңешке ат салышкан саясий партия добуш сатып алууга аракет кылганын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мына кечээ эле бир чоң партиянын штабынан кандидаттар өзүлөрү уюштуруп, добуш сатып алууну жолго коюп коюшкан. Тизмелерин тизишип, кимге канча бериш керек, баарын жасап алышкан. Мыйзам чегинде чара көрүп жатабыз, ошол партиядан 3-4 адамды камакка алдык", - деди Ташиев.

Белгилей кетсек, кечээ күнү "Социал-демократтар" партиясынын негизги кеңсесинде милиция тарабынан тинтүү иштери жүргөн болчу. Тинтүү партиянын айрым мүчөлөрүнүн үйүндө дагы жүргүзүлгөн. Анын алдында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы “Социал-демократтар” партиясынын штаб башчысы, экс-депутат Ирина Карамушкинага шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча кылмыш иши козголгонун айтып, анын аудиожазууларын тараткан. Кийин шаардык милиция Карамушкина менен Роза Түрксевер кармалганын маалымдады.

Жогорку Кеңеш 14.11.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан