Депутат Эргешов 10 балуу болгон үй-бүлөгө акчанын ордуна үй берүүнү сунуштады

Бүгүн, 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бекмурза Эргешов өкмөткө 10 бала төрөгөндөргө акчалай жардам көрсөтүүнүн ордуна үй берүүнү сунуштады.

Ал мындай сунуш эл арасында айтылып жатканын белгиледи.

"Көп төргөндөргө акчалай жардам беребиз дегениңер элге "мотивация" болуп жатат. 10ду төрөгөндөгө үй берүүнү караштырып көрсөңүздөр?" - деди Эргешов.

Эске салсак, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев мамлекет төртүнчү баладан баштап, жүз миң сомдон эки миллион сомго чейин акчалай жардам берерин билдирген. Бул демилгени министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы бүгүнкү жыйында бышыктап, тоолуу аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөргө материалдык колдоо көрсөтүү боюнча президенттин жарлыгы даярдалып жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан