Абхазияда башаламандыктын катышуучулары парламенттин аймагына басып кирди. Бул туурасында РИА Новости басылмасы кабарлады.
Маалымдалгандай, имараттын жанында коопсуздук күчтөрү менен нааразылык акциянын катышуучуларынын ортосунда кагылышуу башталды. Андан соң митингчилер жүк ташуучу унаа менен тосмонун бир бөлүгүн талкалап, киришкен.
Имарат күч түзүмдөрү тарабынан курчоого алынган. Оппозиция тарапкерлери желим жана айнек бөтөлкөлөрдү, жумурткаларды, жыгачтарды аларды көздөй ыргытышууда.
Коопсуздук күчтөрү парламент имаратына кирүүгө аракет кылган демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдоно баштагандыгы маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, 11-ноябрда Абхазияда оппозициянын өкүлдөрүн Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери кармап кеткенден кийин массалык башаламандыктар башталган.
Мындан улам өлкө башчысы Аслан Бжания оппозициянын нааразылык акцияларына байланыштуу мекендештерине кайрылуу жасаган.