Бишкектеги жарылган жылуулук түтүгү боюнча мэрия жооп берди (видео)

Бишкек шаарынын Чүй жана Алама-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде жарылган түтүктү калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүүдө. Бул туурасында мэриянынын маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалымдалгандай, 17-ноябрга караган түнү саат 2:30да түтүк жарылып, "Бишкекжылуулуктүйүнү" ишканасы тарабынан саат 3:00дө чектөөгө алынган. Тийиштүү кызматкерлер түнү менен калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.

Мэрия түтүктөр 1984-жылдан бери алмаштырылбаганын белгилеп, ошол себептен жарылып кеткендигин айтты. Аталган ишкана мэриянын карамагына өткөндүктөн шаар боюнча эскилиги жеткен түтүктөрдү алмаштыруу иштери этап-этабы менен жүрө тургандыгын кошумчалады.

Ошондой эле бузулган жерлерин оңдоо иштерине байланыштуу аталган аймакта унаа кыймылы жарым-жартылай чекөөгө алынганын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан