Ысык-Көл облусундагы эки шайлоо участкасында добуш берүү мөөнөтү узартылды. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, келип чыккан техникалык кыйынчылыктарга байланыштуу жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында , Ысык-Көл облусунун Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү убактысын узартуу жөнүндө токтом кабыл алды.
Ага байланыштуу Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы №3023 добуш берүү тилкеси бүгүн, 17-ноябрда саат 23:00гө чейин шайлоочуларды кабыл алат.
Ал эми Ак-Суу районунун Тепке айылындагы №3092 шайлоо участкасында эртең, 18-ноябрда саат 20:00гө чейин шайлоо өнөктүгү жүрөт.