Борбордук шайлоо комиссиясы саат 20:00гө карата шайлоо участкаларында шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат берди.
Азырынча өлкө боюнча 1 миллион 150 миң 931 жаран шайлоого катышты. Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 27,83 пайызын түзөт.
Алардын ичинен шаардык кеңештин депутаттарына 392 миң 844 жаран добуш берген. Башкача айтканда 1 миллион 620 миң 243 шайлоочунун 24,25 пайызы катышты.
Ал эми азырынча айылдык кеңештин эл өкүлдөрүн шайлоого 758 миң 87 жаран барган. Жалпы 2 миллион 514 миң 796 шайлоочунун 30,15 пайызын түзөт.
Айта кетсек, Ысык-Көл обусундагы ки шайлоо участкаларында техникалык себептерден улам шайлоо мөөнөтү узартылган. Калган шайлоо участкалары саат 20:00дө өз ишин токтотту.