Оң рулдуу унааларды такси катары колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 1-окуудан өттү 

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңеште Кыргызстанда такси кызматын көрсөтүү үчүн милдеттүү түрдө лицензия алуу жана оң рулдуу унааны такси катары айдоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 1-окуудан өттү.

Аталган мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап, жыйында Ички иштер министрлиги баяндады.

ИММдин берген маалыматына караганда, такси кызматын көрсөткөндөрдүн 30 пайызы оң рулдуу унаа айдашат. Ал эми жол кырсыктардын 80 пайызы оң рулдуу унаалардын катышуусунда болот.

"1998-жылы кабыл алынган “Транспорт жөнүндө” мыйзамда жүргүнчү ташып такси кызматын көрсөткөндөр лицензия алышы керек деп көрсөтүлгөн. Бирок бул талап 2009-жылы жокко чыгарылган.

Мындан улам такси кызматын көрсөткөндөр патент менен иштеп келе жатышкан, бирок жыл сайын патент алгандардын саны азайып жатат. Алсак: 2018-жылы такси кызматын көрсөткөндөр 69 миңден ашык, 2019-жылы 59 миң, 2020-жылы 39 миң, 2023-жылы 28 миң ал эми 2024-жылдын алты айында 11 миңден ашык гана айдоочу патент алган", - деп маалымат берди ИИМ.

Эгер аталган мыйзам долбоору кабыл алынса, такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия үч жылдан аз эмес автоунаа айдагандарга берилет. Мындан тышкары унаанын техникалык абалы жакшы болушу шарт жана жумушка чыгарда айдоочу медициналык кароодон өтөт. Лицензиянын баасы бир жылга 500 сомду түзөт.

Жогорку Кеңеш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан