Эл аралык кылмыш соту Беньямин Нетаньяхуну камакка алууга ордер берди

Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Израилдин коргоо министри Йоав Галлантты камакка алууга ордер берди. Мындай маалымат эл аралык кылмыш соту тараткан документте айтылды.

Аларды камакка алуу ордери Газа тилкесиндеги кылмыштары үчүн чыгарылган.

"Өкүлдөр палатасы эки адамды, Беньямин Нетаньяху менен Йоав Галлантты 2023-жылдын 8-октябрынан кеминде 2024-жылдын 20-майына чейин адамзатка каршы кылмыштарды жана согуш кылмыштарын жасаганы үчүн камакка алуу ордерлерин чыгарды", - деп айтылат Гаагадагы сот тараткан билдирүүдө.

Ошол эле учурда Эл аралык сот Израилдин өтүнүчтөрүн четке каккан.

Нетаньяхунун кеңсеси Эл аралык кылмыш сотун Израилди изоляциялоодо жана өлкөгө каршы “террордук чабуулдарга көмөктөшүүдө” деп айыптады. Башка израилдик саясатчылар бул чечимди “сот үчүн маскарачылык” деп атады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан