Депутат Онкология борборунун директорлугуна мурдагы жетекчинин күйөө баласы келиши мүмкүндүгүн айтты

Бүгүн, 25-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Улуттук онкология борборунун директорлугуна сунушталган талапкерлердин арасында аталган мекеменин мурдагы жетекчиси Бактыгүл Султангазиеванын күйөө баласы бар экенин билдирди.

Ал Султангазиева кызматынан коррупциялык иштерге байланыштуу бошотулганын эске салды.

"Эгерде анын күйөө баласы Улуттук онкология борборунун директору болуп дайындалса, анда коррупция баягыдай эле өркүндөп өсө берет. Мындай сунуштаманы бербеш керек болчу. Күйөө баласы Султангазиеванын өзүнүн жеке менчик клиникасында дагы иштейт экен", - деди Мамашова.

Жогорку Кеңеш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан