Бүгүн, 26-ноябрда Бишкек шаарында жаңы автобус кырсыкка кабылды. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Кырсык Бишкектеги Алыкулов жана Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда автобус Mercedes-Benz унаасы менен сүзүшүп, жолдон чыгып кеткен.
"Жарышпай абайлап айдагыла, жол кырсыгы болуптур, карагылачы. Тигил жакта бир кыз жатат", - деди видеонун автору.
Кырсыктан жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган жок.