Ош шаардык кеңешиндеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”,
“Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция
шаар мэрлигине Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу
5-январда коалициясынын лидери Арфидин Аланов кабарлады.
Анын айтымында, Кадырбаевдин талапкерлигин “Замандаш”
фракциясы сунуштап, башка фракциялар колдоого алган.
Белгилей кетсек, Айтмамат Кадырбаев буга чейин жоюлган Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча дирекциянын
жетекчисинин орун басары болуп иштеген.