“Улуттар биримдиги” партиясы Ош шаарынын мэрлигине Мелис Мырзакматовду сунуштады. Мындай чечим 3-январда аталган фракциянын жыйынында маалым болду.
Фракциянын лидери Рысбек Мырзаматовдун айтымында, шаардык кеңештин 21 депутаты бир ооздон экс-мэр Мелис Мырзакматовдун талапкерлигин колдоп, Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылчу документтер даярдалган.
Эске салсак, Мелис Мырзакматов 2013-жылдын 5-декабрында Ош шаарынын мэрлигинен бошотулган. Анын кызматтан алынуусун өкмөт "Ош шаарынын мэрин шайлоого байланыштуу" деп билдирген.