Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы борбор шаардын мэрлигине Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин сунуштады. Мындай чечим 5-январда фракция жыйынында кабыл алынды. К.Кулматов учурда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштейт.
Эскерте кетсек, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 15-январда өтөт.
Кубанычбек Кулматов:
1963-жылы, 14-февралда Бишкек шаарында туулган. Кесиби тарыхчы. 1986-1988-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде иштеген;
1992-1995-жылдары “Айлатан” фирмасында директор;
2004-2005-жылдары Бажы кызматы департаментиндеги Кирешелер боюнча комитетинде директордун орун басары;
2005-2006-жылдары Мамлекеттик бажы инспекциясында директордун орун басары;
2006-2007-жылдары Мамлекеттик бажы кызматында директордун кеңешчиси;
2007-жылы Мамлекеттик бажы комитетинде төраганын биринчи орун басары;
2010-жылдын 9-апрелинде КРнын Бажы кызматынын төрагасы (Убактылуу өкмөттүн жарлыгы менен);
2010-жылдын 16-июлунан 2013-жылдын 8-июлуна чейин КРнын Бажы кызматынын төрагасы (КРнын Президентинин жарлыгы менен);
2013-жылдын июль айында КРнын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалган;
2013-жылдын август айынан азыркы учурга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү.