Кемпир-Абад боюнча ишти алып барган судья Марат Сыдыков өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Ал өз билдирүүсүндө: "Кемпир-Абад" боюнча чечим чыгарган судья Марат Сыдыков өз каалоосу менен кызматтан кетти", - деп жазган.
Белгилей кетсек, бүгүн, 29-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абадчылар менен жолукту.