Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жездеси Чан Сонг Тхэкти иттерге талатып өлтүрттү

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өткөн айда жездеси Чан Сонг Тхэкти мамлекеттик төңкөрүштү даярдоо жана коррупциялык иштери үчүн өлүм жазасына тарткан. Кытайлык журналисттер Чан Сонг Тхек менен анын санаалаштары атылбай эле, 120 ач итке талатылып өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты. 

Маалымдалгандай, чиновниктерди жылаңачтап, алар камалган жайга бир нече күн тамактанбаган иттерди коё беришкен. Иттерге 1 сааттай таланган аларды Ким Чен Ын баш болгон адамдар карап турушкан. 

Чан Сонг Тхек өлүмүнөн көп өтпөй ММКлар анын аялы Ким Гён Хинин өлүмү тууралуу жазып чыгышты. Маалыматтарда "Аялы өзүн-өзү өлтүрүшү мүмкүн. Ал көптөн бери эл алдына чыкпай калган жана күйөөсүнүн акыркы сапарга узатуу зыйнатына да келген эмес" деп жазылат. Мындан сырткары анын жүрөгү ооруп, Орусияда дарыланганы тууралуу да маалыматтар тараган.

Белгилей кетсек, Ким Гён Хи азыркы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын атасынын бир тууган карындашы. Ал 1946-жылы 30-майда төрөлгөн.

    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан