Билим берүү жана илим министрлиги менен облустук милиция кызматы Жалал-Абаддагы балдар бакчалардын биринде болгон окуя боюнча үн катты.
Жалал-Абад облусунуну ички иштер башкармалыгы аталган факт бүгүн, 2-декабрда каттоого алынганын айтып, териштүү иштери жүрө турганын билдирген.
Ал эми Билим берүү министрлиги окуяга тийиштиги бар тараптар катуу жаза аларын айткан.
Белгилей кетсек, социалдык баракчаларда бала бакчанын тарбиячысы наристелерди бетке чаап, токмоктогону боюнча маалыматтар тараган. Окуя Сузак районундагы бала бакчалардын биринде болгондугу айтылган.