"Ош шаарында Жаңы жыл күнү "Тез жардамга" эч ким кайрылган эмес. Учурда күнүнө 60-70 адам кайрылып жатат. Алардын көпчүлүгү инфекция оорулары менен жабыркагандар жана кан басымы көтөрүлүп түшкөндөр",- деп билдирди бүгүн, 6-январда "Тез жардамдын" башкы дарыгери Жумалиев Токтосун. Кошумчалай кетсек, "Тез жардам" кызматында суткасына 50 дарыгер кызмат кылат.