Башкы прокуратура Сузактагы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду

Сузак районунун Октябрь айылындагы "Кенжетай" балдар бакчасынын кызматкери балдарды сабаганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасы Октябрь айылындага балдар бакчасынын кызматкерлери балдарга ырайымсыз мамиле жасашканын, жетекчилик тарабынан бул боюнча ата-энелердин бир нече жолку кайрылуулары четке кагылып келгени аныкталган. Ошондой эле балдар бакчасынын жооптуу кызматкерлери ата-энелерден, балдар бакчанын кызматкерлеринен акча чогултуп келишкени такталган.

Текшерүүдөн соң Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренесинин (Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо), 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 348-беренесинин (Шалаакылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери Жалал-Абад облустук милициясына өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, социалдык баракчаларда бала бакчанын тарбиячысы наристелерди бетке чаап, токмоктогону боюнча маалыматтар тараган. Окуя Сузак районундагы бала бакчалардын биринде болгондугу айтылган. Тараган маалыматтан кийин Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы аталган факты каттоого алынганын, териштүү иштери жүрө турганын билдирсе, Билим берүү министрлиги окуяга тийиштиги бар тараптар катуу жаза аларын убадалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан