Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынан борбор шаардын мэрлигине талапкер Кубанычбек Кулматов кыргыз тили боюнча атайын комиссияга сынак тапшырды. Комиссия Кулматовду “кыргыз тилин билет” деп тапты. Айта кетсек, талапкердин эне тили боюнча сынак тапшыруусу БШКнын жобосуна ылайык өткөрүлдү. Анда Кулматов шайлоо алдындагы программасын жазуу түрүндө жана оозеки баяндап, көркөм чыгармадан үзүндү окуп берди.