Түштүк Кореянын коргоо министри Ким Ён Хён жарандардан кечирим сурап, отставкага кетүү боюнча арызын жазды. Бул туурасында чет элдик басылмалар Yonhap агенттигине шилтеме берип жазышты.
"Улуттук коргоо министри катары мен жоопкерчиликти толугу менен моюнума алам жана коомчулукту башаламандыкка алып келип, тынчсыздандырганым үчүн өкүнөм", - деди Ким Ён Хен журналисттерге.
Мындан тышкары министр ММКлар жазгандарды тастыктап, мамлекет башчысы Юн Сок Ёлго өлкөгө аскердик абалын жарыялоону сунуштаганын ырастады.
"Аскердик абал жоюлуп, адамдар күнүмдүк жашоосуна кайтып жатышат. Ички саясий жана коопсуздук боюнча абал жакшы эмес", - деп кошумчалаган билдирүүсүндө.
Эске салсак, кечээ, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган.
Ошондой эле бүгүн, 4-декабрда Түштүк Кореянын Демократиялык партиясы өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлду аскердик абалдын киргизилгендигине байланыштуу кызматтан кетүүгө чакырып, импичмент жараянын баштай турушканын айтып бир канча жетекчилер отставкага кетишкен.