Тверде мигранттарга 82 кызмат тармагында иштөөгө чектөө киргизилет

Орусиянын Тверь облусунун администрациясы 2025-жылдан тарта чет элдик жарандарга иштөөгө тыюу салынган тармактардын тизмесин эки эседен ашык көбөйттү. Башында тыюу салынган 32 кызмат 82ге жогорулады. Бул тууралуу ТАСС басылмасы кабарлады.

Маалымдалгандай, экономикалык ишмердүүлүктүн 52 түрүнө толук тыюу салынса, 30 кызматтын айрым бир багыттарына гана чектөөлөр киргизилген.

Натыйжада электр энергия, газ тармагында, азык-түлүк, дары-дармек, компьютер, кир жуучу каражаттарды чыгаруучу заводдордо жана башка ушул сыяктуу тармактарга чет элдик жарандар жумушка алынбайт. Мындан тышкары ремонт иштерин жүргүзүүчү цехтерге да мигранттарды жумушка алууга тыюу салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан