Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 8-жыйынында “Бишкекжылуулуктүйүнү” ААКнын башкы директору Мирбек Батаканов жылуулук энергиясынын баасын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
Анын айтымында, “Бишкекжылуулуктүйүнү” 40 жылдан бери элге кызмат көрсөтүп келет. Акыркы 20 жылдыкта жылуулук энергиясынын баасы төмөндөбөгөнүн жана анын баасын кескин түрдө эмес, жылына 5-7 пайызга көтөрүү керектигин билдирди.