Франциянын өкмөтү отставкага кетти (видео)

Франциянын өкмөтү отставкага кетип жатат. Бул тууралуу Le Parisien агенттиги билдирди.

Улуттук жыйын Мишель Барньенин өкмөтүн ишенимсиз деп табуу боюнча резолюцияны кабыл алды. Бул 1962-жылдан бери биринчи жолу болуп жатат. Мындай чечимди кабыл алуу үчүн орточо 289 добуш керек болчу. Натыйжада, 331 добуш менен кабыл алынды.

Мурда Барньеге "ультиматум" коюлган болчу. Ультраоңчулардын лидери Марин Ле Пен 2025-жылга карата бюджет боюнча анын талаптарына макул болууну талап кылган, болбосо ишенимсиздик добушу болот деп эскерткен. Ошол эле учурда өкмөттү парламент колдочу эмес.

Франциянын өкмөтү отставкага кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан