Камчыбек Ташиев коррупцияга караганда бандиттер менен күрөшкөн жеңил экенин айтты 

Кыргызстанда коррупционерлер менен күрөшкөнгө караганда уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшкөн жеңил болуп жатат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Уюшкан кылмыштуу топ менен, бандиттер менен күрөшүү коррупцияга караганда оңоюраак экен. Мен аны көрдүм, сездим. Азыр "мен бандитмин" деп чыга албайт, качып жүрүшөт. А коррупция дагы да уланып жатат. Кээ бир жерлерде өтө гүлдөп кеткен. Кечээ мына налогдо иштеген кызматкерлерди кармадык. Алар мамлекетке болжол менен 3 миллиард сом зыян келтиришкен", - деди Ташиев.

Ал ошондой эле бүгүн-эртең бул иш боюнча дагы аткаминерлер кармалышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Ташиев коррупцияга караганда бандиттер менен күрөшкөн жеңил экенин айтты 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан