“Социал-демократтар” саясий партиясынын лидери Темирлан Султанбеков 23 күндөн бери ачкачылык кармоосун улантууда. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 5-декабрда анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Андагы маалыматка караганда, Султанбековдун ден соолугу тездик менен начарлап, дене табы түшүп, колу-буту муздап, алсыз болуп жатат.
Эске салсак, 14-ноябрда Султанбеков добуштарды сатып алууга шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал эми 15-ноябрда Темирлан Султанбековдун ачкачылык жарыялаганы маалым болгон.