Камакка алынган Темирлан Султанбеков ачкачылык жарыялаганы кабарланды

Добуш сатып алууга шектелип кармалган “Социал-демократтар” саясий партиясынын лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу анын партиялашы Кадыр Атамбаев социалдык тармактагы баракчасына жактоочусуна таянуу менен жазды.

Айтымында, Султанбеков 13-ноябрда укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз кармалгандан кийин нааразычылык катары ачкачылык жарыялаган.

Айта кетсек, Султанбеков добуштарды сатып алууга шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы “Социал-демократтар” партиясынын штаб башчысы, экс-депутат Ирина Карамушкинага шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча кылмыш иши козголгонун айтып, анын аудиожазууларын тараткан.

Ага чейин “Социал-демократтар” партиясынын лидерин ата-энеси жана жактоочусу 12 сааттан бери таппай жаткандыгын партиялаштары айтып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан