Ош-Бишкек каттамы менен жүргөн такси айдоочулар "Ош базарынан" Батыш автобекетине которулат. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай орун которууга "Ош базарынын" тегерегинде жеке ташуулар менен иштеген такси кызматтары жол кыймылына чоң көйгөйлөрдү жаратуусу себеп болгон. Батыш автобекетинин жетекчилиги менен болгон макулдашуу боюнча бардык автотранспорт каражаттары аталган автобекетке токтотулат. Талаптарга баш ийбеген айдоочуларга административдик чаралар көрүлөт.