Бүгүн, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте, анын ичинен социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.
Анда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүн Өмүрзаков интернетте жалаа жаап, мазактаган жана жалган маалымат тараткан адамдарга салына турган айып пул 20 миң сомго, андай маалыматты чыгарган медиаларга айып 65 миң сомго төмөндөтүлгөнүн айтты.
Ал эми мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды кабыл алуу укугу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен Ички иштер министрлигине өткөнү маалым болду.
Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору “жарандарга сөз үчүн салынган салык болорун” айтса, Эльвира Сурабалдиева ансыз деле инфляция жүрүп, жарандарга кыйынчылык болуп жатканын белгилеп, каршы пикирин билдиришти. Ошондой эле Чыңгыз Айдарбеков, Элдар Абакиров, Жанар Акаевдер мыйзам долбоорун колдобой турганын айтышты.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорун экинчи окууда 61 депутат колдосо, 6 эл өкүлү каршы добуш берди.
Аталган мыйзам долбоору 23-октябрда биринчи окууда кабыл алынган. Анда 63 депутат "макул" болсо, 6 эл өкүлү "каршы" добушун берген.
Мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аталган мыйзам долбоорду кайтарып алууну сунуштаган.