Екатеринбургда өрттөн адамдарды сактап калган кыргызстандык Орусиядан депортацияланды

Екатеринбургда күйүп жаткан клиникадан адамдарды куткарып калган кыргызстандык таксист Султан Абдумаликов мекенине депортацияланганын орусиялык Free Press басылмасы жазып чыкты.

Ал Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн күнөөлүү деп табылган.

Белгилей кетсек, 18-ноябрда Екатеринбург шаарындагы ооруканада өрт чыккан. Ошол маалда таксист Султан өтүп бара жаткан. Ал куткаруучуларга жардам берүү үчүн жетип барып, түтүндү жутуп, ооруканага түшкөн. Анын документтерин текшерүү учурунда милиция мыйзам бузууларды аныктаган.

Кыргызстандыктын айтымында, ал 2011-жылдан бери Орусияда жашайт. Жазында таксиге жумушка орношуп, анан бир азга үйүнө кетип, эмгек келишимин түзгөнгө үлгүрбөй калган. Султан калган документтери бар экенин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан