"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.

Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн максаты - терроризмге каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эске салсак, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 21-ноябрында кабыл алынган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан